14.06.2018 18:09

Сооронбай Жээнбеков Россия президенти Владимир Путин менен жолукту

Сооронбай Жээнбеков Россия президенти Владимир Путин менен жолукту

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Россия президенти Владимир Путин менен жолукту. Бул  туурасында президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. 

Жумуш сапары менен Москвага барган КР Президенти Сооронбай Жээнбеков, бүгүн 14-июнь күнү  Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолукту. 

Эки тарап ЕАЭБтин алкагында маанилүү суроолор жана кызматташтык тууралуу пикир алышты. 

Өлкө башчыбыз  Владимир Путиндин чакыруусуна  ыраазычылык билдирип, 14-июндан 15-июлга чейин Россияда өтө турчу футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын ийгиликтүү өтүшүн каалады.