29.10.2018 09:05

Сооронбай Жээнбеков Стамбулга учуп кетти

Сооронбай Жээнбеков Стамбулга учуп кетти

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасынын негизделгенин 95 жылдыгына арналган иш- чараларга катышуу үчүн Стамбулга учуп кетти. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти. 

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-октябрда Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен Түркия Республикасынын негизделгенин 95 жылдыгына арналган иш чараларга катышуу үчүн Стамбул шаарына учуп кетти.

Сооронбай Жээнбеков башка Мамлекет башчылары менен бирге Стамбул шаарындагы жаңы аэропорттун ачылыш аземине да катышат.