30.10.2018 09:00

Сооронбай Жээнбеков Түркиянын негизделгенин 95 жылдыгына арналган иш чараларга катышты

Сооронбай Жээнбеков Түркиянын негизделгенин 95 жылдыгына арналган иш чараларга катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 29-октябрда Стамбул шаарында Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен Түркия Республикасынын негизделгенин 95 жылдыгына арналган иш чараларга катышты. Бул тууралууөлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти. 

Сооронбай Жээнбеков башка Мамлекет башчылары менен бирге Стамбул шаарындагы жаңы аэропорттун ачылыш аземине да катышты.

Сапардын жүрүшүндө Мамлекет башчысы ошондой эле Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Ариф Алви менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары талкууланды.