06.08.2018 10:20

Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинге тик учак кырсыгына байланыштуу көңүл айтты

Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинге тик учак кырсыгына байланыштуу көңүл айтты

Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путинге Ми-8 вертолетунун трагедиялуу кыйрашынан улам көп адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти. 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге Красноярск крайында  Ми-8 тик учагынын трагедиялуу кыйрашынан улам көп адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

«Красноярск крайында Ми-8 тик учагынын трагедиялуу кыйрашынан улам көп адамдардын курман болгондугу тууралуу кайгылуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана өз атымдан  каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына  терең кайгыруу менен көңүл айтуумду жеткирип коюуңузду өтүнөм.  Орду толгус оор жоготуунун аза кайгысын  тең бөлүшөбүз», -деп белгиленет мамлекет башчысынын телеграммасында.