20.07.2018 16:17

Сооронбай Жээнбеков жарандык активисттер менен жолугушуусунда эмнелерди талкуулады?

Жолугушууга келген жарандык коомдун ар бир өкүлү президентке суроо берүү мүмкүнчүлүгүн алды. Тараптар кызматташуу боюнча тиешелүү маселелерди, ошондой эле өлкөбүздүн турмушундагы орчундуу көйгөйлөрдү көтөрүштү. Катышуучулар белгилегендей, жолугушуу ачык мүнөздө өтүп, активисттер суроолорун көмүскөдө калтырбай, өлкө башчыга жолдой алды.