29.04.2019 14:07

Сооронбай Жээнбековдун Кытайга сапарынын жыйынтыктары: эксперттердин пикири

Сооронбай Жээнбековдун Кытайга сапарынын жыйынтыктары: эксперттердин пикири

Президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайга болгон иш сапары соңуна чыкты. Расмий программадан тышкары мамлекет башчы Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинь менен жолугушуп, "Бир алкак – бир жол" форумуна катышты. Президенттин аппаратынын маалыматында, Си Цзиньпинь менен эки тараптуу жолугушуу маалында Кытай лидери Жээнбековдун чакыруусун кабыл алып, Кыргызстанга ушул жылдын июнь айында мамлекеттик сапары менен келээрин билдирди.

Президентибиздин чыгыш өлкөсүнө болгон сапарынын жыйынтыгы кандай? Кытайдын "Бир алкак – бир жол" долбоору айланасындагы миллиарддаган инвестициялардын жарыгы Кыргызстанга тиеби? Кыргыз бийлигинин Пекинге жакпаган кадамдары ири инвестициядан кур калтырабы? Бул тууралуу серепчилерден сураштырып көрдүк.