21.11.2019 15:55

Сооронбай Жээнбековдун үй-бүлөсүнүн 71 гектар жери бар. Ал дагы кандай менчикке ээлик кылат?

Сооронбай Жээнбековдун үй-бүлөсүнүн 71 гектар жери бар. Ал дагы кандай менчикке ээлик кылат?

Кыргызстандын мамлекеттик салык кызматы президент Сооронбай Жээнбековдун 2018-жылдагы кирешеси менен чыгашасы боюнча декларациясын жарыялады. 

Ачык маалыматтарга караганда өлкө башчысы былтыр 902 миң 785 сом иштеп тапкан. 2017-жылы анын кирешеси 890 миң 994 сомду түзгөн. 

Президент жалпы аянты 47,24 гектарды түзгөн 22 айыл чарба багытындагы жер тилкесине ээлик кылат. Ошондой эле турак жайдын короосу катары эсептелген 6 сотых жери бар. Башка кыймылсыз мүлктөрүнөн 160 чарчы метрлик үйү жана башка ар түрдүү курулуштары бар. 

Жээнбековдун автоунаасы жок болгону менен МТЗ-80 үлгүсүндөгү трактору бар. 

Декларацияга ылайык өлкө башчынын жакын туугандары 4,2 миллион сом киреше табышкан. Алар жалпы аянты 64 чарчы метрлик батирге жана 24,66 гектарлык 13 жер тилкесине ээлик кылышат. Мындан сырткары Lexus 470 автоунаасы, наркы 7 миллион сомго тете бодо малдары, 640 миң сомдук жылкылары декларацияда көрсөтүлгөн.