20.08.2019 11:19

Сот экс-президент Алмазбек Атамбаевдин камакта калуу мөөнөтүн дагы 2 айга узартты

  Алмазбек Атамбаевдин иши (32 материалов)
Сот экс-президент Алмазбек Атамбаевдин камакта калуу мөөнөтүн дагы 2 айга узартты

Бүгүн УКМКда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун көчмө жыйыны өттү. Анда тергөөнүн экс-президент Алмазбек Атамбаевдин камакта кармалып туруу мөөнөтүн узартуу өтүнүчү каралды.

Соттук процесс жабык өтүп, ага журналисттер киргизилген жок. Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесаревдин айтымында, сот экс-президентти камакта кармоо мөөнөтүн 26-октябрга чейин узартты. 

Жактоочу бул чечим мыйзамсыз экенин жана жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрылаарын билдирди. Ошондой эле, бүгүн соттук отурум болоорун ал башталаар алдында гана укканын кошумчалады. 

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 7-8-августунда экс-президентти күч менен кармап келүү операциясы жүргүзүлүп, ага атайын багыттагы отряд тартылган. Куралчан спецназ менен Атамбаевди колдогон карапайым эл арасында кагылышуу чыгып, жүздөн ашык адам жаракат алган, бир спецназ жоокери каза тапкан.

8-август күнү кечке маал Алмазбек Атамбаев тополоңду токтотуу максатында колго түшүп берген. Экс-президент ошол эле күнү УКМКнын Тергөө изоляторуна алынып келинген. 

9-август күнү сот тергөө иштери жүрүп жатканына байланыштуу 26-августка чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алган.