28.02.2019 10:53

Сот экс-президенттин жактоочусунун соттук отурумга күбөлөрдү чакыруу өтүнүчүн четке какты

Сот экс-президенттин жактоочусунун соттук отурумга күбөлөрдү чакыруу өтүнүчүн четке какты

Судья Альбина Жээнбекова экс-президенттин жактоочусунун отурумга күбөлөрдү чакыруу өтүнүчүн четке какты. Бүгүн, 28-февралда Октябрь райондук сотунда үч саясатчынын Алмазбек Атамбаев жана «Апрель» телеканалына каршы берген доо арызы боюнча соттук отурум  уланууда. 

Жактоочу Кантемир Турдалиев отурумдун жүрүшүндө сотко кайрылып, доо арыз боюнча иштин маңызын кайра кароо үчүн укук коргоочу Токтайым Үмөталиеваны, «Дело №» гезитинин башкы редактору Красильникованы, Бекназаров тууралуу жазылган «Атака на русский язык» макаласынын авторун сотко күбө катары чакырууну өтүндү.

«Алмазбек Атамбаев өз маегинде мына ушул адамдар, басылмалар айтып-жазып чыккан фактыларды гана келтирген. Бул адамдардын сотко келип беришин биз камсыздайбыз. Аларды күбө катары суроо менен биз иштин маңызы боюнча кайра кароону жандантабыз», -деди Турдалиев. 

Бирок, судья бул өтүнүчтү канааттандырган жок.