10.02.2020 09:00

Сойкуканада сексуалдык зомбулукка дуушар болгон тестиер жардамга муктаж

Сойкуканада сексуалдык зомбулукка дуушар болгон тестиер жардамга муктаж

Үстүбүздөгү жылдын башында элдин үрөйүн учуган окуя катталды. Белгисиз адамдар 16 жаштагы кызды сойкуканада эки жума кармашкан. Аны интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлашкан.

Ал жайдын кызматын колдонгон жигит кыздын өтүнүчү менен туугандарына чалып, акыры жабыр тарткан тестиер куткарылган.  Бардык тиешелүү соттук-медициналык, биологиялык, психиатриялык экспертизалар дайындалган.

Бирок кызды алып кетишкенден кийин ага психологиялык жардам көрсөтүлгөн эмес. Бул тууралуу “Биринчи балдар хосписинин” директору Ольга Труханова билдирди.

Маалымам болгондой, өкмөттүн токтомуна ылайык, балдардын укугун коргоо максатында жергиликтүү органдар тарабынан психологиялык жардам көрсөтүлүшү шарт эле.

«Учурда психологиялык жардамды “Биринчи балдар хосписинин” психологу Айгүл Ысыкеева көрсөтүп жатат. Көмөктү ыктыярчы катары акысыз көрсөтүүдө. Бул оор жумуш. Ал кыз менен көпкө чейин иштеш керек. Андыктан финансылык жактан жардам болушу абзел», -дейт Ольга Труханова.

Айтымында, азыркы тапта жабыр тарткан кыз токул медициналык көзөмөлдөн өтүшү керек: МРТ, УЗИ, анализдерин тапшырып, жана башка. Мунун баары акча турат. Акчалай колдоо же болбосо аталган процедураларды бекер кыла турчу клиника керек.

Кызга кайдыгер карабаган жарандар төмөндө көрсөтүлгөн банктык эсептерге акча которо алышат:

ОАО Банк «Бай Тушум»
KGS 1371040001440439
БИК 137001
ЗАО «КИКБ»
Расчетный Счет KGS: 1280096037288596
БИК 128009
Элсом 0559647457
Элкарт 9417218599524804