12.06.2018 12:58

Талас облусунун Ак-Жар айылындагы сел каптоонун себептери аныкталды

Талас облусунун Ак-Жар айылындагы сел каптоонун себептери аныкталды

Сел өтүүчү сайдан таза суу өткөрүү максатында траншея казып, аны кайра чала жапкандыктан Ак-Жар айылын суу каптаган. Мындай жыйынтыкка жеринде изилдөө иштерин жүргүзгөн  Кара-Буура райондук Жарандык коргонуу комиссия мүчөлөрү  келишти. Бул туурасында ӨКМден билдиришти. 

Аталган айылга "Таза суу” долбоору менен таза суу өткөрүү максатында 3 участоктон сайдын туурасынан траншея казылып өтүлгөн. Ал кийин чала жабылып, бекемделбегендиктен, 2018-жылдын 11-июнунда саат 18:00 чамаларында  Кара-Буура районунун  Ак-Жар айылында Бабахан сайынан түшкөн сел суулары  айылдын 4 көчөсүн жана 15 турак үйдүн короо сарайларын жана участокторун, 1 орто мектептин тегерегин жана 4-5га айдоо аянттарын каптап кеткен.

ӨКМнин Талас облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Мирлан Карабаевдин айтымында, учурда Жарандык Коргонуу комиссиясы күнөөлүүлөрдү тактап, чара көрүү максатында тиешелүү иш-аракеттерди аткарып жатышат. Кошумча маалымат берилет