25.02.2020 10:27

Талашка түшкөн КСДП: Сагынбек Абдрахмановдун Атамбаев жана Кодуранованын үстүнөн жазган арызы шаардык сотто каралат

Талашка түшкөн КСДП: Сагынбек Абдрахмановдун Атамбаев жана Кодуранованын үстүнөн жазган арызы шаардык сотто каралат

Бүгүн, 25-февралда Бишкек шаардык сотунда Сагынбек Абдрахмановдун арызы боюнча соттук отурум өтөт. Соттук териштирүү саат 15:00дө башталат. Анда талашка түшкөн КСДП саясий партиясынын тегерегиндеги чыр каралат. Бул тууралуу КСДПнын мүчөлөрү билдиришти.

Эске салсак, 24-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту Сагынбек Абдрахмановдун Алмазбек Атамбаев жана Асель Кодурановага карата жазган арызын кароосуз калтырган.

Белгилей кетсек, Абдрахманов КСДП партиясынын 2019-жылдын 6-апрелинде өткөн 18-жыйынын жараксыз деп таап, 2019-жылдын 25-майында КСДПнын төрагасынын убактылуу милдетин аткаруучу кылып Кодуранова Асель Союзбековнаны дайындоо тууралуу чечимди жокко чыгарууну суранган.

КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү жана жактоочу Нурбек Касымбековдун билдиргенине караганда, эгер 10 күндүн ичинде Сагынбек Абдрахманов биринчи инстанциянын аталган чечиминин үстүнөн арызданбаса, анда юстиция министрлиги юридикалык жактардын реестрине катталган маалыматтарга өзгөртүү киргизиши керек болмок.  

Эске салсак, 2019-жылдын 6-июнунда Сагынбек Абдрахманов Бишкектин Биринчи май райондук сотуна кайрылып, Алмазбек Атамбаев жана Асель Кодуранованын үстүнөн арызданган. Ал партиянын кезектеги 18-жыйынын жараксыз деп табууну өтүнгөн.

Өткөн жылдын 6-июнунда Бишкектин Биринчи май райондук соту арызды карап, өндүрүшкө алган.