14.12.2018 16:45

Тарых: Кыргызстанда кайсыл жылга кандай аталыштар берилген?

Тарых:  Кыргызстанда кайсыл жылга кандай аталыштар берилген?

Келе жаткан 2019-жыл "Балдар жылы" болуп калышы толук мүмкүн. Мындай демилгени эл өкүлү Айсулуу Мамашева көтөрүп чыкты. Депутаттын пикиринде, Балдар жылынын жарыяланышы Кыргызстандагы балдардын укуктарын коргоодо бир топ маселени чечмек.

Убакыт көрсөткөндөй, жылдарга ысым берүү менен көйгөй чечилип кетпейт. Аны калың эл жакшы түшүнгөнү менен, бийликтин ою башка. Кайсыл жыл кандай атка ээ болгонун эсиңизге салабыз.