22.01.2020 09:48

Тестиер кызды сойкулукка мажбурлагандар кармалышты

Тестиер кызды сойкулукка мажбурлагандар кармалышты

Бишкекте 17 жаштагы кызды сойкулук менен алектенүүгө мажбурлаган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу ШИИББдан билдиришти.

Маалыматка таянсак, 23 жаштагы К.А., 33 жаштагы Н.М., жана 23 жаштагы Д.З. карамалды. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 

Эске салсак, буга чейин милицияга өспүрүм кыздын эжеси кайрылып, анын психологиялык жактан жабыркаган жээнин Караколдон уурдап кетишип, сойкулук менен алектенүүгө мажбурлап жатышканын кабарлаган.