06.05.2020 13:55

ТИМ: Башка өлкөлөр менен авиа каттамдар жок, чек аралар жабык. Фейктерге ишенбегиле!

ТИМ: Башка өлкөлөр менен авиа каттамдар жок, чек аралар жабык. Фейктерге ишенбегиле!

Бүгүн, 6-майда тышкы иштер министрлиги чет жердеги кыргызстандыктарга кайрылды.

Мекеме белгилегендей, COVID-19 пандемиясынын шартында социалдык тармактарда Россия менен түз авиа каттам жанданды жана Казакстан менен транзиттик өтүү үчүн чек ара ачылганы туурасында жалган билдирүүлөрдү таратууну улантышууда.

Министрлик туура эмес маалыматты адамдарга Кыргызстанга кайтууга жана кыргыз дипмиссиясынын тизмесине киргизүүгө убада кылган «айрым адамдар менен уюмдар» берип жатканын билдирет. Кыргыз дипмиссиясынын тизмеси — бул мекенине кайткысы келген адамдардын тизмеси.

«ТИМ жарандарды күмөндүү булактардан алынган маалыматтарга жана жарыяларга, ошондой эле авиабилеттерди сатып алуу маселелери боюнча ортомчул кызматтарды көрсөтүү жана Кыргызстандын кошуна мамлекеттеринин аймактары аркылуу транзит менен өтүүнү уюштуруу тууралуу сунуштарга ишенбөөгө чакырат», — деп билдирет министрлик.

Министрлик мындай иш-аракеттер Кыргызстандын башка мамлекеттер менен, анын ичинде «союздаштарыбыз жана стратегиялык өнөктөштөрүбүз» менен болгон эки тараптуу мамилеге  терс таасирин тийгизиши мүмкүн деп эсептейт.

Тышкы иштер министрлиги жана республиканын чет өлкөдөгү мекемелери тарабынан транспорт, авиация, өзгөчө кырдаалдар, чек араларды коргоо жана саламаттыкты сактоо жаатында Республикалык ыкчам штаб тарабынан макулдашылып, иштер жүрүп жатат.

Кыргызстандын жарандарын чет өлкөлөрдөн кайтаруу маселеси республика президентинин буйругуна ылайык иштелип жатат жана чет мамлекеттердин бийликтери менен расмий сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында гана маселе чечилет деп айтылат билдирүүдө.

ТИМ укук коргоо органдарына «учурдан пайдаланып» кыргызстандыктарды адаштырып жаткандарга көңүл бурууну өтүндү.

Кыргызстанга кайтуу жөнүндө расмий маалыматты кыргыз дипмиссияларынан же мамлекеттик органдардан алса болот.

 

•  ТИМдин Консулдук кызмат департаменти — Бишкек ш, Тоголок Молдо к, 10, кызматтык телефон: +996 312 66 34 05 (кошумча номер. 108, 109, 119, 129), 66 08 11 (кошумча номер. 108, 109, 119, 129);

•  Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги — Москва ш, Большая Ордынка к, 64, тел: +7 499 238 33 04, +7 499 230 11 17; расмий маалымат алуу үчүн күндүр-түндүр иштеп аткан штабдын колл-центри: +7 499 237 43 01, +7 499 237 44 61, +7 925 387 41 27 (мобилдик, WhatsApp), +7 925 387 45 97 — (мобилдик, WhatsApp), +7 925 103 29 11 (мобилдик, WhatsApp);

•  Кыргызстандык Казакстандагы элчилиги — Нур-Султан, Дипломатиялык шаарча В-5, тел.: +7 7172 24 20 24, +7 7172 24 20 40, +7 7172 28 61 08.