29.01.2020 15:35

Түн ортосунда түрмөдөгү Равшан Жээнбековдун камерасын тинтип кетишти

Түн ортосунда түрмөдөгү Равшан Жээнбековдун камерасын тинтип кетишти

Кой-Таш окуясына айыпталып жаткан саясатчы Равшан Жээнбеков Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун жетекчиси Нурдин Сулаймановго жана ЖАМК төрагасы Мелис Турганбаевге жардам сурап кайрылды. Бул тууралуу «Фергана» агенттиги жазып чыкты.

Маалыматты саясатчынын жактоочусу Замир Жоошев April.kg маалымат агенттигине тастыктады. 

Жээнбековдун айтымында, кечээ, 28-январда абактагы 307-камерада 22:00дөн кийин ЖАМКтын 7-8 кызматкери жана атын атоодон баш тарткан подполковник тинтүү жүргүзүп башташкан.

Кызматкерлер өзүлөрүн орой алып жүрүп, камерадагылардын төшөнчүлөрүн, кийим-кечек, тамак-аштарын полго чачышкан. Аларды тебелеп, камактагыларды шылдыңдап, орой мамиле кылышкан. Равшан Жээнбеков подполковниктен өзүн тааныштырууну сураганда, кагып таштаган.  Мунун баары 2 саатка созулуп, алар кеткенден кийин камерадагылар түнкү 3:00кө чейин оокаттарын иреттеп, жыйнаганга туура келген.

Мындай мамилеге жана түнкү маалда коридордо көпкө турууга чыдай албаган камактагы бир жаран эсин жоготуп, кулап түшүп, башы менен полго тийген. Дагы бирөөсүнүн кан басымы көтөрүлгөн.

«Түн ичинде улам дарыгер чакырып атып, эс ала алган жокпуз. Мен эртең менен саат 8:00дө ИИМге барышым керек эле, мындай түнкү кыйноолордон кийин кылмыш ишинин материалдары менен жакшылап тааныша албай калдым.

Тергөө изоляторунун кызматкерлеринен мага карата басымдардын көбү «жогору жактын» буйругу менен уюшулуп жатканын такай угам. Мындан улам, булар мага− саясий туткун жана оппозициячыл маанайдагы саясатчыга карата− атайын уюшулган кыйноолор эмеспи, ушул суроомо жооп берүүңүздү суранам.

Ошондой эле түндө медициналык жардам көрсөтүүгө туура келген камералаштарымдын дагы бир ирет медициналык кароодон өтүүсүнө көмөк көрсөтүүңүздү өтүнөм», -деп айтылат кайрылууда.