03.12.2018 12:04

Түп районундагы катуу шамал турак жайлардын жана социалдык объектилердин чатырларын учуруп кетти

Түп районундагы катуу шамал турак жайлардын жана социалдык объектилердин чатырларын учуруп кетти

Түп районунда катуу шамалдын кесепетинен турак жайлардын жана социалдык объектилердин чатырлары жабыркады. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 

2018-жылдын 1-декабрь күнү саат 00:20 чамасында Ысык-Көл облусунун Түп районунда ылдамдыгы секундасына 18-22 метрге жеткен шамал катталып, шамалдын кесепетинен Михайловка айыл аймагынын Михайловка айылындагы Шевченко атындагы орто мектебинин 40 даана шиферин, Ысык-Көл айыл аймагынын Ысык-Көл айылында 4 турак үйдүн 144 чарчы метр чатырын жана клубдун 16 чарчы метр чатырын шамал учурган.

Мындан сырткары Михайловка, Ысык-Көл, Тогуз-Булак, Ой-Булак айылдарында электр чубалгылары үзүлгөн. Райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо жана түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.

РЭТ ишканасынын кызматкерлери тарабынан калыбына келтирүү иш-чаралары жүргүзүлүп, Михайловка, Ысык-Көл, Тогуз-Булак, Ой-Булак айылдарына электр жарыгы берилди. Келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.