22.06.2018 09:20

Түркияда 47 мыйзамсыз мигрант колго түштү

Түркияда 47 мыйзамсыз мигрант колго түштү

Түркиянын тартип сакчылары өлкөнүн батышынан мыйзамсыз кирген  47 мигрантты кармады. Бул туурасында  Anadolu агенттиги билдирди. 

Кармалгандардын арасында аялдар менен балдар да бар. Баары тең деңиз аркылуу  үйлөмө кайык менен келатышкан. Полиция кызматкерлери качкындарды экстрадициялоо маселесин чечүүгө миграциялык кызматка өткөрүп берди. 

Эскерте кетсек, өлкөсүндөгү ички кагылыштан улам үйүн таштап качууга аргасыз болгон адамдар  Түркия аркылуу Евробиримдиктин аймагына кирүүгө аракеттенишет.

Качкындар көбүнесе Афганистан, Пакистан, Сирия жана Ирактын жарандары.