11.04.2020 14:41

Түркияда жүздөгөн кыргыз жараны ара жолдо калып, ачка отурушат

Түркияда жүздөгөн кыргыз жараны ара жолдо калып, ачка отурушат

Түркиядан жүздөгөн кыргыз жарандары чыга албай турушат. Бул тууралуу аталган өлкөдө ара жолдо калгандар өздөрү билдиришип, “Апрель” редакциясына видео-кайрылуусун жөнөтүштү.

Маалыматка караганда, 350дөн ашуун кыргыз жарандары, арасында кары-картаң, студент, дарыланып жана иштеп жүргөн адамдар бар. Айтымдарына караганда, учурда алардын жата турчу жери жок. Каражаттары дагы түгөнүп баратат.

Алардын кайрылуусун толугу менен келтиребиз: 

Саламатсызбы!

Биз Туркияда калган кыргыз жарандарыбыз. 

Тилекке каршы аба жолдору эскертүүсүз жабылгандыктан Кыргызстанга кете албай калдык .

Арабызда 60.70.80 жашында апалар бар, студенттер жана дарыланганга келгендер бар. Көбүнүн жата турган жери жок.

СТУДЕНТТЕР бир бөлмөлүү үйдө 5-10 адам болуп жан багып жатышат. Тыйындары жок ачка калды.

Өкмөтүбүздөн , президентибизден суранабыз бизди алып кетсин.

Бул жерден бизге Замандаш партиясынан Жеңишбек Молдокматов бизге бир айдан бери азык-тулук, дары дармек , жана көчөдө калгандарды чогултуп, квартирасын төлөп жардам берип жатат.

Жеңиш байке болбосо, 1 айдын ичинде көбүбүз жолдо ачка калмакпыз!!!! 

Сураныч кайдыгер карабай, бизге жардам берүүңүздү өтүнөбүз!  

Чартердик рейс жөнөтүңүз, УРМАТТУУ өкмөт!!!

Бүгүн, 11-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 339 кишиге жетти.  Ичинен 51и дарыгерлер.

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.

Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.