Учурда Бишкектеги Жугуштуу оорулар ооруканасында үч жүзгө жакын бала дарыланууда

Учурда Бишкектеги Жугуштуу оорулар ооруканасында  үч жүзгө жакын  бала дарыланууда

Үстүбүздөгү жылдын 6 айында Бишкекте тамак-ашка ууланган 13 учур катталып, 245 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Алардын 218и «Ала-Тоо» ресторанында уулангандар. Бул туурасында "Жай мезгилинде тамактан уулануунун алдын-алуу" темасында өткөн маалымат жыйында  Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери  Артур Буюклянов билдирди.

Башкы дарыгердин айтымында, акыркы жылдары тамак-аштан ууланган учурлар азайы баратат. Мисалы, быйыл 13 учур катталса, былтыр бул көрсөткүч 18ди түзгөн.

Ал эми, Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын дарыгери Нургүл Молдалиева учурда аталган ооруканада тамакка ууланган 362 киши жатканын, алардын 294ү балдар экенин билдирди.

Кечээ уулануунун белгилери менен бул ооруканага 261 жаран кайрылып, алардын 99у ооруканага жаткырылган.