10.03.2020 10:04

УКМК: Бишкекте жасалма АКШ долларын иштеткен киши колго түшүрүлдү

УКМК: Бишкекте жасалма АКШ долларын иштеткен киши колго түшүрүлдү

Бишкекте ири суммадагы жасалма акчаны сатууга аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу 10-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынан 15 миң доллары өлчөмүндөгү жасалма акча каражатын сатууга аракет кылган 1955-жылы туулган А.М. атту жаран колго түшүрүлдү.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин “Акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо” беренесинин негизинде катталды.

Кармалган адам УКМКнын Тергөө абагына киргизилди.