12.03.2020 11:35

УКМК: Фарид Ниязовдун билдирүүсү негизсиз

УКМК: Фарид Ниязовдун билдирүүсү негизсиз

Бүгүн, 12-мартта УКМК камакта отурган президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Фарид Ниязовдун билдирүүсүнө жооп кайтарды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет  Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткан Фарид Ниязов жоопкерчиликтен качып, коомчулукту адаштыруу аракетин көрүп жатат деп эсептейт.

“Ниязов тартип коргоо органдарын жаманатты кылып, иликтөөнүн жыйынтыгына саясий өңүт берип, мурдагы президент «Алмазбек Атамбаевдин жана анын тарапкерлеринин мыйзамсыз иштерин актоо» аракетин көрүп жатат”, - деп айыптады.

Эске салсак, күн мурун 11-мартта Фарид Ниязов «УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев «Альфанын» жоокерлерине Атамбаевдин үйүнөн чыгып кетүүгө уруксат бербей, аларды кооптуу абалда калтырганы тууралуу» билдирүү жасаган. Бирок мындай айыптарды УКМК негизсиз деп атады.

11-мартта Ниязов «Альфанын» офицеринин өлүмү жана башка жоокерлеринин ур-токмокто калышы үчүн Опумбаевди айыптаган. Ал Ички иштер министрлигинин көптөгөн тажрыйбалуу тергөөчүлөрү бул иш эртедир-кечтир кайра каралып чыгарына, азыркы тергөөчүлөр жоопко тартыларына көзү жеткендиктен тергөөдөн баш тартып коюшканын билдирген.

Эске салсак, 2019-жылдын август айында УКМК жана ИИМ мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөндө «Альфанын» бир офицери курман болуп, 200дөн ашуун адам жараат алган. ИИМдин Тергөө кызматы Атамбаев баштаган 19 адамга айып койгон. Алардын 14үнүн иши сотко өткөн. Калган беш адам тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн алардын иши өзүнчө тергелүүдө.

Фарид Ниязов да соттолуучулардын бири. Ал Атамбаев бийликте турганда анын кеңешчиси болуп иштеген.

Ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту 23-мартта жабык карай баштайт.