06.07.2018 14:40

УКМК Молдомуса Конгантиевге козголгон кылмыш иши токтотулганын расмий жарыялады

УКМК Молдомуса Конгантиевге козголгон кылмыш иши токтотулганын  расмий жарыялады

Молдомуса Конгантиевге козголгон кылмыш иши токтотулганын УКМК расмий жарыялады. Бул туурасында билдирүүнү бүгүн аталган кызматтын басма-сөз борбору таратты. 

Маалыматта: «2018 жылдын 18-июнунда мындан 8 жыл мурун ИИМдин мурунку башчысы М.Конгантиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренесинин 2-пункту жана 316-берененин 1-пункту боюнча козголгон кылмыш иши Конгантиевдин аракеттеринде  кылмыш курамы жоктугуна байланыштуу токтотулду»- деп жазылат. 

Маалыматта, бул чечимдин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн  Башкы прокуратура текшерип чыкканы айтылат. 

«М.Конгантиев  6-7-апрель күндөрү Талас облусунда болгондуктан, 2010-жылдын 7-апрель күнү Өкмөт үйүнүн алдында болгон каргашалуу окуяларга тиешеси болгон эмес жана бул окуянын жүрүшүнө таасир эте алмак эмес», -деп билдирет УКМК.