18.10.2018 16:40

УКМК Сапар Исаковдун кайнатасынын үйүн тартып алабы?

УКМК Сапар Исаковдун кайнатасынын үйүн тартып алабы?

Улуттук коопсуздук комитети камакта жаткан саясатчылардын жакындарынын мүлктөрүнө көз арта баштады. Бул башкаруучу топтун саясий буюртмаларына ылайык, ишке ашырылып жатканын юристтер жашырышпайт. Алардын айтымында, сот жактоочу тараптын далилдерине карабай, чекисттерге кыймылсыз мүлктөрдү тинтүүгө уруксат берди. Фемида өкүлдөрүн конституциядагы "жеке менчик кол тийгис" деген берене да токтото алган жок.