27.11.2019 11:55

УКМК социалдык тармактын колдонуучусун камакка алды

УКМК социалдык тармактын колдонуучусун камакка алды

Регионалдык кастык жаратууга шектелип социалдык тармактардын колдонуучусу кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлайт.

Маалыматка караганда 24-ноябрда А.Ж. аттуу колдонуучуну кармашып, УкмКнын убактылуу кармоочу жайына камашкан.

Шектүү социалдык тармактарда калп жана провокациялоочу маалыматтарды тараптып, бейбаштыкка жана массалык каршылык акцияларын уюштурууга чакырык жасаганы аныкталган.

«Анын билдирүүлөрү колдонуучуларды жаат-жаттака бөлүп, бирин бири мазактаган комментарийлерди жазгандыктан, тараптардын кыжырлануусуна, жыйынтыгында регионалдык кастыкка түрткөн », - деп билдирет УКМК.

25-ноябрда А.Ж. регионалдык кастык жаратууга шектелип жаткандыгы тууралуу кабар алып, учурда тергөө иштери башталды.