17.05.2019 10:10

УКМК жетекчилигине ат салышкандар кимдер? Талапкерлердин тизмеси

УКМК жетекчилигине ат салышкандар кимдер? Талапкерлердин тизмеси

Улуттук коопсуздук комитетине өлкө башчы кимди коет деп кулак төшөгөндөр көп. Аны менен бирге бош турган орунга көз арткандар күн сайын арбып баратат.

Акыркы айларда "мамлекеттин коопсуздугун коргобой эле, бийликтин оппоненттерин кордогон комитетке айланды" деген сөзгө калган мамлекеттик орган жарандардан жакшы сөз уга элек. УКМКнын каарына кабылгандар "анын башчысы эмес, ички түзүмү өзгөрмөйүн, бийликтин өч алуу куралы бойдон кала берет" деп тынчсызданып жатышат. Бирок аталган органда азыр реформа жасаймын дегендер чыга элек.

Дал ушундай жооптуу кызматты жогорку жактагылар кимге ыраа көрүшөт? April.kg талапкерлерди тизмектеп берет.