04.07.2018 17:15

Улан Кызайбаев тез арада бөйрөк алмаштыруучу операцияга муктаж. Үй-бүлөсү жардам сурайт

Улан Кызайбаев тез арада бөйрөк алмаштыруучу операцияга муктаж. Үй-бүлөсү жардам сурайт

Чолпон-Ата шаарынын тургуну, 34 жаштагы Улан  Кызайбеков бөйрөгүн алмаштыруучу операцияга муктаж. Үй-бүлө жупуну жашагандыктан, Түркияда жасала турган кымбат баалуу операция үчүн каражатты топтой албай,  April.kg  порталынын редакциясына келинчеги Гүлнура Токсобаева жардам сурап баш бакты. Айтымында, күйөөсү бөйрөктүн өнөкөт оорусуна чалдыкканын бир жыл мурун билишкен. 

-Үйлөнгөнүбүзгө он жылдан ашты. Чолпон-Атада турабыз. Бир кыз, бир уулубуз бар. Күйөөм ден соолугу жакшы кезинде курулуштарда иштеп, тапкан акчасы менен бизди багып келген. Мен балдарды карап, үйдө отурчумун. Негизи, кичине чагынан эле буту ооручу экен. Буга карабай, курулушта оор жумуштарда иштеп жүрдү. 2-3 жыл мурун оорусу чыдатпагандыктан, дарыгерлерге көрсөтсөк, «муундары чирип баратыптыр» деп, 2016-жылы январь айында Бишкектеги №4 клиникалык ооруканадан операция жасатып, протез койдурганбыз. «Бөйрөгүм ооруйт» деп деле сөз кылчу эмес. Оор жумушта иштегендиктен, «белим» деп калчу. Былтыр августта буту, колдору шишип баштады. Биз алгач протез салынган бутунан көрүп  жүрдүк. Анан заарасы чыкпай баштады. Чолпон-Атага өзү доктурга кайрылганда, Бишкекке жөнөтүштү. Көрсө бөйрөктүн өнөкөт оорусуна кабылыптыр. Эки бөйрөгү тең соолуп баратыптыр. 

-  Азыр кандай дарылануу алып жатасыздар?

- Март айынан бери гемодиализ менен гана жашап келе жатат.  Башында ар бир жума сайын 18 миң  кетип жатты. Бир жумада 3 жолу барат. Диализ алгандан кийин эртеси жакшы болуп калат. Бирок, кийинки диализге чейин шишип, кыйналып  баштайт. Жакында эле ФОМС боюнча арзан гемодиализ алганга мүмкүнчүлүк алдык.Эми каражат мурункудай көп талап кылынбай  калды. Ар барган сайын дарысын кошкондо 850 сомдой кетип жатат. Бирок, диализдин зыяны  да бар экен. Аны алган сайын гемоглобини түшүп,  организмдеги кальций дагы жуулуп кетет тура. Врачтар мындан улам протези да бошоп кетиши мүмкүн деп жатышат. Тез арада операция кылбасак, өмүрү коркунучта турат.

- Операцияга канча каражат керек болуп жатат? 

- Бул жактагы дарыгерлер Түркияга алып баргыла деп, бир клиника менен сүйлөшүп беришти. Бөйрөккө операция кылганга эле 15 миң доллар төлөйт экенбиз. Андан сырткары, операциядан кийинки  дарыларына, Түркияга барган-келгенге, ал жакта жашаганга да акча керек. Баш-аягы 25 миң долларга чыкчудай. 

-  Донор табылдыбы?

-Күйөөмдүн ата-энеси ажырашып кетип, кайненем кийин башка адамга турмушка чыккан экен. Азыр экөөнүн тең көзү өтүп кеткен. Ал эми күйөөмдүн өз атасы тирүү. Мына ушул киши, жашы алтымышка таяп калса да, бир бөйрөгүн бергенге макул болду. Текшертсек, туура келет экен. Ырас, ал жагынан маселе жаралган жок. Азыр биздин көйгөйүбүз операцияга акча табуу болуп жатат. Күйөөмдүн буту ооруп баштагандан бери  мен да кафелерде повар болуп иштеп аткам. Азыр экөөбүз тең  жумушту таштаганга аргасыз болдук. Диализге жалгыз бара албайт. Ал жактан чыкканда ар кандай абалда болот. Андыктан, мен кошо барып, күтүп туруп, кайра алып келем. Топтогон байлыгыбыз деле жок. Чолпон-Атадагы үйдү саталы десек, киши кызыгып сатып алчудай деле үй эмес. Ошондуктан, элден жардам сурап кайрылууга аргасызбыз.

- Дагы башка  жактарга кайрылып көрдүңүзбү? 

- Операцияны создуктурбай  жасаш керек болгондуктан, чуркап жүрөбүз.«Элим барсынбы?» кайрымдуулук фондуна да кайрылдык. «Ала-Тоо-24» телеканалынан акча чогултуу боюнча материал кетти. Ошондой эле, 15-июлда Кожомкул атындагы спорт сарайында кайрымдуулук концерт өтөт. Ал жактан чогулган акча күйөөмдүн  операциясына жумшалат. Бир билеттин баасы 250 сом. Саат 19:00дө башталып, кыргыз эстрадасынын жылдыздары катышат. Азыр миң эле билет саттык. Жок дегенде ушул билеттер сатылып кетсе, операцияга тыгынчык болот беле. Акча топтоп алсак эле, Түркия менен байланышып, операция өтчү күндү тактайт элек. Ар бир күнүбүз эсепте турат. 

Улан Кызайбаевге жардам берүүнү каалагандар «РСК-Банктагы» бул эсепке акча которушса болот: 

 KGS 1290197900000049

BIC 129019

Элсом: +996 771 234497

Гүлнура Токсобаеванын телефон номери: (0702) 45-41-30,