16.07.2018 18:03

Улуттук өнүгүү стратегиясынын иштелип бүткөн долбоору 25-июлда кароого коюлат

Улуттук өнүгүү стратегиясынын иштелип бүткөн долбоору 25-июлда кароого коюлат

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн Улуттук өнүгүү стратегиясынын иштелип бүткөн долбоору менен таанышты, ал Улуттук кеңештин кароосуна 2018-жылдын 25-июлунда алынып чыгат. Бул туурасында президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-июлда Президенттик Аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн жетекчиси, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын Улуттук кеңешинин катчысы Нурсулу Ахметованы кабыл алды.

Анда 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын долбоору талкууланды.

Нурсулу Ахметова Мамлекет башчысына Кыргыз Республикасынын узак мөөнөттүү Стратегиясынын долбоору коомдук талкуунун натыйжасында эксперттик жана илимий коомчулуктун пикирин эске алуу менен кошумчаланып, иштелип чыкканын маалымдады.

Стратегия-2040 орто мөөнөттүү этабын ишке ашыруунун алкагында ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин артыкчылыктуу багыттары талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын долбоорун туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынынын кароосуна киргизүү тапшырмасын берди.

Улуттук кеңештин жыйыны 2018-жылдын 25-июлуна пландалды.