08.05.2020 16:42

Улуу Жеңиш күнүнүн алкагында КСДП саясий партиясынын мүчөлөрү согуш ардагерлеринин урматына тургузулган монументке гүл чамбар коюшту

Улуу Жеңиш күнүнүн алкагында КСДП саясий партиясынын мүчөлөрү согуш ардагерлеринин урматына тургузулган монументке гүл чамбар коюшту

Бүгүн, 8-майда КСДП партиясынын мүчөлөрү Сеид  жана Кадырбек Атамбаев Темирлан Султанбеков менен биргеликте Улуу Ата-Мекендик согуш күнүнүн алкагында согушка катышкан ардагерлердин урматына тургузулган монументке гүл чамбар коюшту. Бул тууралуу алар Facebook – социалдык баракчасы аркылуу билдиришти.

Белгилүү болгондой, эстеликти экс-президент Алмазбек Атамбаев өзү каржылап тургузган.

Социал-демократтар үн катпас жөрөлгөсүн аткарышып, согуш талаасынан кайтпай калган баатырларды эскеришти.