04.05.2018 09:06

Веб-модель катары иштеп жүргөн 30 студент кыз кармалды

Веб-модель катары иштеп жүргөн 30 студент кыз кармалды

Бишкек шаарындагы Октябрь райондук ИИБ порнографиялык мүнөздөгү материалдарды даярдоо жана сатуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул туурасында  шаардык ИИББнын маалымат кызматынан билдиришти. 

Аталган райондук ИИБге Д. аттуу жаран кыздардын катышуусу менен порнографиялык материалдарды даярдап жана аларды интернет аркылуу сатып, киреше таап жүргөнү тууралуу билдирүү түшкөн. Жаран уюштурган студияда кыздар веб-модель катары иштеп, интернет аркылуу кардарларга эротикалык же порнографиялык шоу көрсөтүп турушкан. 

Кыздарга бардык шаймандар бар бөлмөлөр берилип, алар белгилүү бир суммадагы акча каражатына кардарларды тейлеп турушкан.  

Бул факт боюнча Октябрь райондук ИИБ 262-берене менен (порнографиялык предметтерди даярдоо же сатуу) кылмыш ишин козгоду. 

Тергөө экспертизасы дайындалды. 

Ачылган кылмыш ишинин алкагында, укук коргоочулар үйдө тинтүү жүргүзүшүп, аталган жайдын уюштуруучусу, 1990-жылкы А.Д. аттуу жаран жана ар кайсы ЖОЖдордун студенттери болгон 30 кыз кармалды. 

Баары Октябрь РИИБине жеткирилди. Иликтөө жүрүүдө.