12.10.2018 11:51

Вице-премьер-министр Чүй облусунун Вознесеновка айылындагы №14 тарбиялоо колониясына барды

Вице-премьер-министр  Чүй облусунун Вознесеновка айылындагы №14 тарбиялоо колониясына барды

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Чүй облусунун Вознесеновка айылындагы №14 тарбиялоо колониясына барды. Ал жакта аткаминер айым соттолгон аялдардын жана жашы жете электердин жашоо шарттары менен таанышты, деп билдирет өкмөттүн маалымат кызматы.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Акыйкатчы Токон Мамытовдун, «Баланын укуктарын коргоочулар лигасы» коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекованын коштоосунда тергөө изоляторунун камераларын карап чыкты, ошондой эле соттолгондор менен алардын жашоо шарттарына нааразычылыктарынын болушу, медициналык кароо жана колониянын администрациясынын иши тууралуу маектешти.

Кыдыруунун жүрүшүндө юридикалык жардамга муктаж мекеменин тарбиялануучулары өз кайрылууларын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу институтуна мындан аркы кароо жана тиешелүү мамлекеттик органдар жана өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан тийиштүү чаралардын көрүлүүсү үчүн өткөрүп беришти.

Мекеменин аймагында медициналык бөлүм, мектеп, тамак-аш бөлүгү, кесиптик-техникалык окуу жай, жуунуу-кир жуучу имарат, компьютердик класс менен жабдылган китепкана жана психологдун иш бөлмөсү, соттолгондор жашоочу турак жай бар.

Алтынай Өмүрбекова колониянын аймагындагы №3 кечки мектептин мугалимдери менен маектешти, алар мекеменин тарбиялануучуларын окуу китептери, канцелярдык жабдыктар менен камсыздоо өтүнүчүн билдиришти.

«Жашы жете электерди реабилитациялоо жана психологиялык коргоо маселеси өлкөнүн пенитенциардык тутумундагы жүргүзүлүп жаткан саясаттын негизи болушу керек деп эсептейм. Көбүнесе түзөтүү мекемелеринде болгон өспүрүмдөр социалдык толук ыңгайлаша алышпайт. Алар криминалдык чөйрөнүн таасирине кабылып, жашоонун кадыресе агымында өздөрүн жоготуу тобокелдигине туш болушат, бул жалпы коомго терс таасирин тийгизет», - деди вице-премьер-министр.

«Өспүрүмдөр колонияда болгон ар бир баскычында адискөй психологиялык жардам алуулары керек. Буга катар түзөтүү мекемелеринин администрациясы секцияларды, чыгармачыл ийримдерди жана техникалык жана жаңы адистиктерди өздөштүрүү боюнча курстарды уюштуруу жолу менен өспүрүмдөрдү эмоциялык жүктөн арылтуу үчүн шарттарды түзүүгө тийиш», - деп белгиледи Алтынай Өмүрбекова жана Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине спорт менен машыгуу имаратын оңдоо жана спорттук жабдуулар менен камсыздоо үчүн каражаттарды табууну тапшырды.

Ушуну менен бирге вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине медициналык иш бөлмөсүнө дарыгер адистерди кошумча тартууга жана дары-дармектер менен толук кандуу камсыздоого жардам көрсөтүүнү милдеттендирди.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине мектепти Интернетке кошууну ишке ашыруу, тийиштүү окуу адабияттары менен камсыздоо жана компьютердик классты заманбап техника менен жабдуу мүмкүндүгүн карап чыгуу тапшырылды.

Ошондой эле Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, Өкмөт өз тарабынан тарбиялануучулар үчүн тийиштүү жашоо шарттарын түзүү үчүн бардык күч-аракеттерин жумшайт.

Маалымдама: 8-октябрга карата МЖАК №14 мекемесинде 33 адам бар, алардын ичинде: 15 жашы жете элек тарбиялануучу (соттолгон), убактылуу кармоочу жайда – 12 жашы жете элек (эркек балдар) жана 6 аял.