28.01.2020 12:14

Замир Жоошев: Равшан Жээнбеков кылмыш жасаган эмес. Анын кармалышы саясий мүнөзгө ээ

Замир Жоошев: Равшан Жээнбеков кылмыш жасаган эмес. Анын кармалышы саясий мүнөзгө ээ

Бүгүн, 28-декабрда Равшан Жээнбековдун тарапташтары жана жактоочусу маалымат жыйынын уюштурушту. Белгилүү болгондой, экс-депутат Равшан Жээнбеков Кылмыш кодексинин 7 оор жана өзгөчө оор беренелери боюнча фигурант катары өтүүдө.

Анын жактоочусу Замир Жоошевдин айтымында, мурунку депутат массалык башаламандык уюштуруу, бийликти басып алуу, бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу беренелери боюнча шектелүүдө.

«Бул айыптоолордун баары негизсиз жана адилетсиз. Равшан Жээнбеков бир канча жолу күбө катары сурак берген. Акыркы жолу суракка чакырылганда, ага шектүү катары кармала турганын билдиришкен. Бирок 2019-жылдын августунда аны кармашкан эмес. 5 айдан кийин гана ага шектелип жаткандыгы тууралуу билдирме жиберишти. Эмнеге аны дароо кармашкан эмес? Ал кезде тергөөнүн далили жок болгон өңдүү, бирок азыр деле жок. Равшан Жээнбеков кылмыш жасаган эмес. Ал өзүнүн кармалышын саясий мүнөздөн улам деп эсептейт», — дейт Замир Жоошев.  

Эске салсак, саясатчы Равшан Жээнбековду Кой-Таш окуясынан кийим ИИМдин тергөөчүлөрү бир нече ирет суркакка алып, акыры убактылуу кармоочу жайга камап коюшкан.