25.06.2018 16:05

Жакынкы убактарда Бишкек жана Чүйдө катуу шамал күтүлөт

Жакынкы убактарда Бишкек жана Чүйдө катуу шамал күтүлөт

Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймактарында жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жеткен шамал болушу мүмкүн. Бул туурасында Кыргызгидромет билдирет. 

Мындан улам, коопсуздук иш-чараларын сактоо, бейчеки көчөгө чыкпоо сунушталат. Шаар тургундары эски бак-дарактардан оолагыраак болушу шарт.