02.12.2019 13:29

Жактоочу: ЖЭБ боюнча жоопко Сооронбай Жээнбеков тартылышы керек

Жактоочу: ЖЭБ боюнча жоопко Сооронбай Жээнбеков тартылышы керек

Бүгүн, 2-декбарда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда шаардык ЖЭБди модернизациялоо боюнча соттук отурум уланууда.

Отурум учурунда мурунку премьер-министрдин жактоочусу Нурбек Токтакунов каралып жаткан кылмыш ишинде Сапар Исаковду жыйындарды өктөрүп, мамалекеттик органдардын пикирин угуп турганы үчүн гана айыптап жатышат деп билдирди. 

«Сапар Исаковдун арактинде  эч кандай криминалдык  көрүнүштөр жок. Анын жоопкерчилигине мамлекеттик органдарга тапшырма берип, мамлекет башчынын сапарларына кам көрүп, тиешелүү документтерди даярдоо  кирген. Кредиттик келишимдин бир катар суроолору сырткы саясаттын деңгээлинде чечилген. Ал иш Сапар Исаковго тапшырылганы таң калтырбайт. Ал отурумдарды өткөрүп, мамлекеттик органдардын пикирлерине кулак салчу. Баардык күбөлөр эч ким басым көрсөтпөгөнүн айтышкан », - дейт жактоочу.

Мындан сырткары, жактоочу чечимдерди кабыл алуу жоопкерчилиги өкмөттүн мойнунда болгонун эскертти.

«Негизги аткаруучу орган – өкмөт. Ал маалда Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп турган. Ал бул маселе боюнча президентке кайрылып, суроолору болсо бериши керек эле. Андыктан азыр болобу же кийинби Сооронбай Жээнбековду жоопко тартыш керек», - деп белгилейт Нурбек Токтакунов.

Эске салсак, КР мурунку премьер-министри Сапар Исаковго КР кылмыш жаза кодексинин 303-берененин 1-бөлүмү (Коррупция) боюнча айып тагылган. УКМКнын маалыматы боюнча 2013-жылы КР президентинин аппарат башчысынын орун басарлык кызматында Сапар Исаков сырткы саясат бөлүмүн жетектеп турганда “Бишкек ш. ЖЭБди модернизациялоо” долбоорун ишке ашырууда чет элдик компаниянын кызыкчылыгына иштеген деп маалымдалат.