30.01.2020 15:06

Жалал-Абадда 10 жаштагы тестиер кыз зордукталды. Шектүү кармала элек

Жалал-Абадда 10 жаштагы тестиер кыз зордукталды. Шектүү кармала элек

Жалал-Абад облусунда 10 жаштагы кызды зордуктап кетишти. Бул тууралуу ички иштер башкармалыгы кабарлайт.

Маалымат караганда, 28-январда Ноокен РИИБне жергиликтүү тургун арызы менен кайрылган. Ал ошол эле күнү саат 17:00дөр чамасында мектептен чыгып, үйүн көздөй кетип бараткан кызын белгисиз бир киши зордуктап кеткенин билдирген. Көрсөтмөдө шектүү 20-25 жашта, ал эми кыз 2010-жылкы 10 жаштагы тестиер экенидиги айтылат.

Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыз жаза кодексинин “Зордуктоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүу экспертизалар дайындалды.

Шектүүнүн болжолдуу фотороботу түзүлүп, издөө иштери башталды.

“Эгер кимдир бирөө сүрөттөгү адамды тааный турган болсо, милиция токтоосуз кабар берүүнү өтүнөт. Байланыш телефондору: 03736 102 же 0555 00 31 00”, - деп билдирет облустук ИИБ.