17.09.2018 16:40

Жалал-Абаддагы имараттардын 90 пайызы мыйзамсыз курулганбы?

Жалал-Абаддагы имараттардын 90 пайызы мыйзамсыз курулганбы?

Жалал-Абад шаарына көп кабаттуу курулуштарды жүргүзүүгө жарандык авиация агенттиги каршы чыгууда. Мекеменин өкүлдөрү "аба кодексине ылайык иштеп жатабыз" деген жүйө менен бийик имараттарды курууга уруксат бербей келишет. Мыйзам боюнча, көп кабаттуу курулуштар шаардык аэропорттон эки чакырым алыс жүргүзүлүшү керек. Бирок, мындай радиус чакан калаанын дээрик 90 пайызын кучагына алат. Анын кесепетин бир гана жеке инвесторлор эмес мамлекеттик кызматкерлер да тартышууда.