Жалпы 71 бейтап коронавирустан сакайды

Жалпы 71 бейтап коронавирустан сакайды

Өткөн сутка ичинде буга чейин COVID-19 диагнозу тастыкталган 4 бейтап айыгып чыкты. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

“Өткөн сутка ичинде буга чейин COVID-19 диагнозу тастыкталган 4 бейтап айыгып, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука аймактык ооруканасынан чыгарылды, чыгып жатканда кайрадан жасалган анализдери терс деп көрсөткөн. Жалпы өлкө боюнча коронавирустан айыккан 71 бейтап ооруканадан чыгарылды”, - деди саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

 

Бүгүн, 14-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 430  кишиге жетти.  

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган. Бул аймактарда кечки 8ден таңкы 7ге чейин коменданттык саат күчүндө болот.