31.01.2019 15:01

Жаңы кодекстердин каталары кайрадан текшерилет

Жаңы кодекстердин каталары кайрадан текшерилет

Жогорку Кеңешибиз кабыл алып берген чуулгандуу беш Кодексти оңдоп чыгыш үчүн дээрлик 200дөй мыйзам долбоорун иштеп чыгыш керек. Бир жылдык мораторий бар деп, эмне кылаарын билбей турган парламентарийлер дагы бир ирээт жаңылды. Документти дыкат окубаган депутаттар, мораторий сунуш катары киргизилгенин байкабай калышыптыр.

Дээрлик эки жыл чаң басып жаткан кодекстерди эми, жакын арада оңдогонго дараметтери жетеби же ого бетер баш аламандык пайда болобу?