30.04.2020 16:20

Жаңы конуштарда абал кооптуу. 14 калктуу конуштан коронавируска кабылгандар аныкталды

Жаңы конуштарда абал кооптуу. 14 калктуу конуштан коронавируска кабылгандар аныкталды

Калктуу конуштарда абал кооптуу бойдон калууда. Бишкектеги коронавирус илдетин жуктурган 183 адамдын 43ү калаадагы 14 калктуу конуштун өкүлдөрү. Бул тууралуу калаа башчы Азиз Суракматов брифингде билдирди.

 

“Бишкекте 30-апрелге карата коронавируска чалдыккан 183 адам бар. Алардын ичинен 149 – борбордун тургундары жана 34 – аймактардан келгендер. Ошондой эле 61и – медициналык кызматкер жана 12си КР ИИМ кызматкерлери”, - деди Бишкек мэри Суракматов.

Анын айтымында, 183 адамдын ичинен 73 адам илдеттен айыккан.

Бишкек шаарында үй карантинине алынган адамдардын саламаттыгын көзөмөлдөө үчүн 40 мобилдүү бригада түзүлдү. Ошондой эле алар жарандардын чалуулары боюнча чыгашат. Бүгүнкү күнгө карата мобилдик бригадалар 7000 чыгуу аткарып, дээрлик 8000 ПЧР-анализ жана экспресс-тест жүргүзүшкөн.

Конуштардын тизмеси жана оору жуккан адамдардын саны:

•Арча Бешик – 16

•Ак-Өргө – 3

•Көлмө – 7

•Ак Босого – 6

•Керамический – 2

•Ак-Ордо, Ынтымак, Кара Жыгач, Алтын Ордо, Көк Жар, Касым, Мурас Ордо, Тынчтык, Учкун жаңы конуштарында бирден учур катталган.

Калган конуштарда COVID-19  аныкталган эмес.

Кыргызстанда бүгүнкү күндө илдетке 746 адам кабылган. Алардын ичинен 462 адам сакайып чыкты. Сегиз адам акка моюн сунду.  

23-марттан тартып 10-майга чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абал күчүндө болот. Өлкөнүн калган аймактарында өзгөчө кырдаал режими күчүндө болот.