17.05.2019 15:31

Жаңы мыйзам боюнча Алмазбек Атамбаевдин колтийбестиги алынабы? Серепчилердин пикирлери

Жаңы мыйзам боюнча Алмазбек Атамбаевдин колтийбестиги алынабы? Серепчилердин пикирлери

Өлкө башчы тарабынан күн мурун кол коюлган экс-президенттин кепилдиктери тууралуу мыйзамга карата айрым саясий серепчилер мыйзам жалгыз Алмазбек Атамбаевге каршы багытталган пикирди карманышууда.

Негизинен Конституциялык Палата менен Жогорку Кеңештин ортосунда экс-президенттердин артыкчылыктарын алып салууга байланыштуу талаш-тартыштар бир жылга чейин созулган болчу. Долбоорду сунуштаган депутаттар түп нускасы өзгөрүп кеткенин айтып чыккан эле.

Мыйзам артка иштебейт деген жүйөнү эске алганда мыйзам таасири кайсы президентке тийеери талаш бойдон калууда. Экс-президенттерди кол тийбестигинен ажыратуу бийликтин куугунтуктоо куралына айланат деген пикирлер дагы жок эмес.