17.04.2018 11:56

Жаңы премьер-министр ким болушу мүмкүн?

Баш мыйзам өзгөртүлүшү менен өкмөткө көз арткандар көбөйдү. Себеп: өткөн жылы премьер-министрдин ыйгарым укуктары бир топ кеңейтилген. Дагы бир артыкчылыгы - эгер депутат өкмөттү башкарып калса, анда мандатынан ажырабайт. Бир эле маалда эки креслону ээлеп отура берет. Майлуу-сүттүү кызматты эңсеп, бирок каалаганын батынып айта албай жаткан болжолдуу талапкерлердин тизмегин April.kg кабарчысы Наргиза Асекова түзүп көрдү.


 

Өкмөттүн туруксуздугунан карапайым тургундар кадимкидей эле тажап калышкан көрунөт. Азыр кимиси келсе деле, кайдыгер карашкандай. Себеп, орун алмашуудан эмне өзгөрөт деп суроого суроо менен жооп беришүүдө. Эми келген өкмөттүн кайра кетишине жарандар кандай карашат? Назарыныздарда элдин пикири.