11.07.2019 12:00

Жаңы түзүлгөн мамлекеттик ишканалар: бийликтегилер туугандарына жумуш орундарын түзүп жатабы?

Жаңы түзүлгөн мамлекеттик ишканалар: бийликтегилер туугандарына жумуш орундарын түзүп жатабы?

Кыргызстанда мамлекеттик ишканалардын саны көбөйүп жатат. Бирок алардын сапатынан кабар жок. Ушул аптада Байланыш агенттиги бир эмес, эки ишкана түздү. Ага чейин ансыз деле туризм тармагын тейлей турчу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Туризм департаментин ачкан.

Бирок бүгүнкү күнгө чейин жарытаарлык натыйжа көрсөтө элек. Жаңы түзүлгөн ишканалар бийликтегилердин туугандарын жумушка орнотуу үчүн эле ачылып жатабы?