26.02.2019 14:44

ЖЭБ жаңылоосу коңшу өлкөлөрдө канча турат?

ЖЭБ жаңылоосу коңшу өлкөлөрдө канча турат?

Бийлик Бишкек ЖЭБин жаңылоого кеткен чыгымдардын үстүнөн көз карандысыз эл аралык аудит жүргүзбөй жатат. Ал эми бул иш боюнча тыянак чыгарышкан мамлекеттик соттук эксперттик кызматтын адистерине кылмыш иштери козголуп, басым көрсөтүлгөн болчу. Башкы прокурор ЖЭБди 50 млн долларга жаңылашса жарашмак, деп Парламенттик жыйында балп эткен жери бар.

Өткүрбек Жамшитов айткан акчага ЖЭБди жаңыласа болот беле?