16.08.2018 15:57

Жээнбеков чек арачылар менен жолугушууда Путин менен Мирзиёевди салымын белгиледи

Жээнбеков чек арачылар менен жолугушууда Путин менен Мирзиёевди салымын белгиледи

Бүгүн, 16-августта  Ош облусундагы «Жаңы-Жер» чек ара заставасынын жаңы комплексинин ачылыш аземи болду. Ага Ош облусунда иш сапарда жүргөн президент Сооронбай Жээнбеков катышты. Бул туурасында президенттин аппарат кызматынан билдиришти. 

Мамлекет башчысы чек ара заставасынын жаңы комплексин көрүп чыгып, аскер кызматчыларынын кызмат өтөө жана  жашоо шарттарына көңүл бурду.

Чек ара заставасында заманбап объектилер менен жабдылган модулдук эки кабаттуу административдик бөлмөлөрү бар казарма жана офицерлер жана прапорщиктер курамы, алардын үй-бүлөлөрү үчүн үйлөрдү камтыган имараттар комплекси курулуп жаткандыгы белгиленди.

Жаңы комплекс эл аралык стандарттарга жооп берген бардык инфраструктуралар объектилери менен камсыздалган.

Чек ара кызматынын өзгөчөлүгүн эске алуу менен жаңы комплекстин территориясында  машыгуучу плац, аскердик даярдыктан өтүү үчүн атайын жайлар, спорттук аянтчалар жайгашкан.

Мамлекет башчысы «Жаны Жер» чек ара тозотунун жаңы комплексинин курулушу жана жабдылышы  Кыргызстандын ЕАЭБке кошулуу процессинин алкагында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү боюнча  Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын Өкмөттөрүнүн ортосунда түзүлгөн макулдашуунун негизинде ишке ашырылгандыгын белгилеп, Россиянын жетекчилигине ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков коңшулаш өлкөлөр менен чек ара маселелерин чечүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге кыскача токтолуп, бул маселелерди диалог жана дипломатия жолу менен конструктивдүү чечүүдө Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдун ролун баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков  чек арачыларга чың ден-соолук каалады, Мекенге берилип кызмат кылууга чакырып, 250 миң сомдук сертификатты тапшырды.