12.11.2019 17:28

Жеке нотариустарга Атамбаевдин үй-бүлөсүн тейлөөгө тыюу салыштыбы?

Жеке нотариустарга Атамбаевдин үй-бүлөсүн тейлөөгө тыюу салыштыбы?

Мурунку президенттин уулу Сеид Атамбаевге таандык «Автомаш-Энерго» компаниясынын кеңсесине  31-октябрда Аскер прокуратурасынан тергөөчүлөр келип, тинтүү жүргүзүшкөн. Алар финансылык документтерди алып кетишкен.   

1-ноябрда Башкы прокуратура бул боюнча атайын билдирүү таратты. Анда тинтүү Атамбаевге козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргөнү айтылат. Ошондой эле,  «Автомаш-Энергонун» жетекчилиги тергөөчүлөргө керектүү документтерди берүүдөн баш тартып, алардын ишине бут тоскону маалымдалат. Бирок компаниянын юристи Сания Эшкинина  Башкы прокуратура тараткан маалымат чындыкка дал келбей турганын айткан.   

«Биз эмгек жамаат менен кеңешип, Башкы прокуратураны сотко берүүнү чечтик. Анткени алар тараткан маалымат жалган жалаа экенин ошол эле күнү билдиргенбиз. Болбосо Аскердик прокуратуранын кызматкерлери компанияга келгенге чейин салык кызматы бир аптадан бери бизди текшерип жаткан», - деди юрист.

Компаниянын юристтери Башкы прокуратура менен соттошууда айрым тоскоолдуктарга кабылышты. Жеке нотариустар Башкы көзөмөл органынын ЖМКларда жарыяланган билдирүүсүн  тастыктап берүүдөн баш тартышты.  

Алар кардардын Атамбаевге тиешелүү иш боюнча кайрылып жатканын  уккан соң, төмөнкүчө жооп беришти:

«Жок. Белгилүү себептерге ылайык, тейлей албайбыз. Мамлекеттик конторага кайрылыңыздар».

«Атамбаевге байланыштуу документтерди тастыктоодонкөпчүлүк нотариустар баш тартууда. Билесиздерби, биз онунчу жак аркылуу бир документтке тастыктама берген экенбиз. Анын артынан түшүп, бизди да чакырышты (укук коргоо органдары). Мамлекеттик конторага кайрылып көрүңүздөр».

«Мени бардык жакка чакырышат, сотко чейин алып барышат».

«Интернетке чыккан маалымат Атамбаев жөнүндөбү?  Билбейм. Ойлонуп көрүш керек. Мен дагы 70 пайызга баш тартмакмын. Эмнеге? Анткени бул ашыкча баш оору. Мунун нотариуска эмне кереги бар? Ошондуктан көпчүлүгү баш тартышууда».

«Биз өзүбүздүн укуктарыбызды коргоого аракет кылып жатсак мамлекеттик органдар гана эмес жеке нотариустар дагы бизди тейлөөдөн баш тартышууда. Бул жерде мыйзамсыз эч нерсе жок. Интернетке чыккан маалыматты гана тастыктап коюш керек. Бул кызматы үчүн жеке нотариустар акча алышат. Ошентсе да бизди тейлебей жатышат»,- дейт Сания Эшкинина.

«Апрель» каналынын кабарчылары эмнеге мындай жагдай жаралып жатканын билүү үчүн иштен баш тарткан нотариустарга барып көрдү. Алардын айрымдары ишинде жок болсо, башкалары интернет өчүп калды деген шылтоону айтышты.

Бирок жеке нотариустардын ичинде эр жүрөктөрү да бар экен. Алар иш мурунку президенттин фамилиясына байланыштуу экенине  карабай каалаган документти тастыктап бере аларын айтышты.

Ал эми мамлекеттик нотариустарда кардар кызмат үчүн акы төлөп гана тим болбой, интернет менен да камсыз кылып бериши керек экен.