13.12.2019 12:54

“ЖМКларды сотко берип, банктык эсептерин камакка алуу - биздин демократиялык өлкөнүн аброюна шек келтирээрин так кесе билдиребиз:, - Президенттин аппараты

“ЖМКларды сотко берип, банктык эсептерин камакка алуу - биздин демократиялык өлкөнүн аброюна шек келтирээрин так кесе билдиребиз:, - Президенттин аппараты

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиеванын өлкөнүн «Азаттык», «Клооп» жана «24.kg» медиаресурстарынын эсептеринин камакка алынганына байланыштуу билдирүүсүн таратты.

“Мамлекет башчысы бул тууралуу эл алдына чыгып сүйлөгөндө да, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушканда да, өлкөнүн жана чет элдик ММКга берген маектеринде да баса белгилеп келет. Кыргыз Республикасынын Президенти дал ушул жагдайлар өлкөнү өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт деген көз карашынан кайтпайт”, - деп билдирет Толгонай Стамалиева.

Бирок, ошол эле маалда Толгонай Стамалиева мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун реакциясы сот иштерине жана соттун чечимине басым жасоо аракети катары кабыл алынбашы үчүн бардык соттук териштирүүлөр, анын ичинде медиага карата дагы — укуктук гана талаада жүргүзүлүшү керектигин белгилеген.

“Ошого карабастан, бул факт ар дайым сөз эркиндигинин принциптерин карманып келген Кыргыз Республикасынын Президентинин гана эмес, биздин демократиялык өлкөнүн аброюна шек келтирээрин так кесе билдиребиз”, - деп президенттин аппараты билщдирүүсүн жыйынтыктаган.

Эске салсак, Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов, анын агасы Искендер жана алардын жубайлары коомдук фонд менен бирге “Азаттык”, “Клооп”, жана 24.kg маалымат агенттиктерин сотко бергендигин күн мурун 12-декабрда билдирип чыккан.

Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койду. Аталган маалымат каражаттары «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетиргени» белгиленип, моралдык чыгым өндүрүү жөнүндө талап коюлган. Анын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту басылмалардын банк эсептерин камакка койду.