12.12.2019 11:22

Жогорку Кеңеш Кой-Таш окуясын талкуулайт

Жогорку Кеңеш Кой-Таш окуясын талкуулайт

Бүгүн, 12-декабрда Жогорку Кеңеш Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыгын талкуулайт.

Эске салсак, 10-декабрда Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы комитетинен бул маселе боюнча корутундусун бекиткен. Бирок аталган комитет аны талкуулабай туруп, мүчөлөрү суроо бербей эле кабыл алып коюшкан.

Бир жоокердин өлүмү менен аяктап, мурдагы президенттин камакка алынышына алып келген окуяга депутаттардын кайдыгер мамилесин сындагандар дагы чыгышкан. Ал эми эл өкүлдөрү болсо корутунду боюнча парламенттин жалпы жыйынында талкуу болорун жүйө кылышкан.

Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссия премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чечими менен 29-августта түзүлгөн. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөөгө күбө катары күч менен алып келүү боюнча операция ушул жылдын 7-августунда уюштурулган. Ага УКМКнын «Альфа» ыкчам тобунун аскерлери тартылган.

Саясатчыны Кой-Таш айылындагы үйүнөн кармап кетүү маалында тарапкерлери менен күч кызматкерлеринин ортосунда кагылыш чыгып, «Альфа» тобунун командиринин орун басары Үсөн Ниязбеков окко учуп курман болгон. Мындан сырткары 200дөн ашык адам жараат алган. Мындай кырдаалда операция оңунан чыкпай, эртеси күнү гана Алмазбек Атамбаев кармалып, камакка алынган.

Кой-Таштагы 7-8-августтагы окуяларга байланыштуу 39 факт боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Анын алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапкерлери камакка алынган.