18.04.2018 13:46

Жогорку Кеңештеги оппозиция өкмөт ишин сындады

Премьер-министр Сапар Исаковдун эмгегине министрлер кабинетинин айрым мүчөлөрү көлөкө түшүрүп жатат. Мындай оюн Жогорку Кенештин айрым депутаттары айтып чыгышты. Кечээ Өкмөт 2017-жылы аткарган жумушу тууралуу оппозициялык фракцияларга отчет берди. Аткаруу бийлиги экономиканын бардык тармактарында өсүшкө жетишкен. Жада калса, быйылкы жылдын биринчи чейрегинде бюджетте профицит пайда болгон. Ага карабай оппозициялык эл өкүлдөрү Өкмөттүн ишин сынга алышты. Ошентсе да премьер-министр баш болуп, министрлер кабинети депутаттардын бир да суроосун жоопсуз калтырбоого аракеттеништи.