09.01.2020 17:32

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов журналист Болот Темировго жооп кайтарды

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов журналист Болот Темировго жооп кайтарды

Бүгүн, 9-январда түшкө маал иликтөөчү журналист Болот Темировга олбурлуу үч жигит кол салышкан. Токмоктолгон Темиров бул окуяны өзүнүн журналисттик ишине байланышы бар экендигин айтып, ага шектүүлөрдү болжоп, Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн аты аталган.

Көп узабай, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов журналист Болот Темировго кол салуу боюнча пикирин "Фейсбуктагы" баракчасында билдирди. Анда Темировдун сабалышы кесиптик ишмердигине байланыштуубу же башка себептери барбы деген суроо тактала электигин жазган.

“Эгер, журналисттин сабалышы - анын ишмердүүлүгүнө байланыштуу болсо, ал туура эмес жана демократиянын принциптерине көлөкө түшүрөт. Журналист гана эмес, жарандардын дагы сабалышы - мыйзамга каршы аракет. Тиешелүү органдар ыкчам иштеп, болгон мүмкүнчүлүктөр менен шектүүлөрдү таап, жазасын бериши зарыл", - деп жазган Искендер Матраимов.

Буга чейин Болот Темиров «FactCheck» порталы жарыялаган Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жубайынын буюмдары жөнүндө иликтөөгө байланышы мүмкүн деп божомолдоп жатканын кошумчалаган.

Эске салсак, Болот Темиров Кыргызстанда коррупциялык жана бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамсыз аракеттерин ашкерелеген журналисттик иликтөөлөрү менен белгилүү «FactCheck» порталынын редактору.