Жогорку Сот Албек Ибраимов боюнча өкүмдү күчүндө калтырды

  Албек Ибраимовдун иши (5 материалов)
Жогорку Сот Албек Ибраимов боюнча өкүмдү күчүндө калтырды

Жогорку Сот Бишкектин мурунку мэри Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн четке какты. Бул туурасында April.kg порталынын кабарчысы билдирди.

Бүгүн,15-августта  Жогорку Сот Албек Ибраимовдун жактоочусу Сергей Слесаревдин арызын карады. Процесс жабык өтүп, ЖМК өкүлдөрү киргизилген жок. Жыйын бүткөн соң, Ибраимовдун жактоочусу өкүм өзгөрүүсүз калганын билдирди.  

«Албек Ибраимовду камоодо буга чейинки эки  инстанция кетирген мыйзам бузууларды КР Жогорку Соту көңүл сыртында калтырды. Анын жыйынтыгында, «Албек Ибраимов 29-августка чейин камакта  калтырылсын» деген токтом чыгарды. Тилекке каршы, Жогорку Сот КР жарандарын камакка алуудагы өзүнүн сот көзөмөлү боюнча милдетин аткарган жок. КР Баш мыйзамы бузулуп жатканына да көңүл бурулган жок.  Бул ишти кароо УКМКнын милдетине кирбейт», -деди жактоочусу Сергей Слесарев.

Жогорку Соттун чечимин күтүп, имараттын сыртында турган Албек Ибраимовдун жакындары, айылдаштары да чечимге нааразычылыгын билдиришти. «Мен 40 жыл мектепте иштегем. Балдарды да, өз баламды да ак ниет, эмгекчилдикке тарбиялагам. Мен тарбиялаган балдардын баары азыр Кыргызстан үчүн иштеп жүрөт. Өз балам деле элге ак кызматын кылып жаткан болчу. Эч жерден жаман ишке барган жок. Айылдагы элдер деле билет. Айылдагы кедей-кембагалдарды колдоп,  ар бир учурда жакшылык кылып жүргөн. Эми кармап барып, камап салышты. Чындык кайда? Соттор калыс эмес чечим чыгарып атса. Үйгө чыгарып деле, чакырып суракка алып турса болот да. Ак ийилет, бирок сынбайт. Менин балам да сынбайт», - деди апасы Бүажар Алиева. 

«Албекте бир жакка качайын деген ой жок болду. Күнүгө 3-4 маал тергөөчүлөр келип турду. Анан эле, Бен Ладенди кармагандай 15-20 спецназ келип кармап кетти, ошол туура эмес да. Ошонун баарын адвокат жакшы эле түшүндүрсө, Биринчи май райсоту да, Бишкек шаардык соту да карабай койду. Акыркы ишенгенибиз-Жогорку Сот болчу. Ал да карабай койду. Эми кайда барарыбызды билбей калдык», - деди Албек Ибраимовдун жердеши Жекшенбек Чилдебаев.

Эскерте кетсек, Бишкектин мурунку мэри Албек Ибраимов 19-июлда УКМК тарабынан камакка алынган. Ошол эле күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту Ибраимовду 29-августка чейин  УКМКнын тергөө изоляторунда кармоо тууралуу чечим чыгарган. Жактоочусу бул боюнча жогорку инстанцияга арызданып, бирок, 30-июль күнү Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. 

Адвокат Сергей Слесарев бул чечимдерге каршы Жогорку сотко арызданган. Ал Ибраимовду камакта калтыруу тууралуу чечим мыйзам бузуу менен кабыл алынып жатканын белгилеп, мындай чечимдер сот бийлигинин аброюн түшүрө турганын белгилеген.

Бишкектин мурунку мэри «Дастан» ишканасынын  мүлкүн коротуу жана өзүнө ыйгарып алуу фактысы боюнча 171-берене менен козголгон кылмыш ишине шектелип жатат. Ошондой эле, тергөө Албек Ибраимов  «Дастан» ишканасын жетектеп турган кезде шаймандарды жеткирүүчү компаниядан акчалай сыйлык катары 270 миң доллар алган деген айыптарды тагууда.